• /
Ысык-Көл кампусунун Фундаменталдык дисциплиналар кафедрасы
Ысык-Көл кампусунун Фундаменталдык дисциплиналар кафедрасы
Эл аралык Жогорку Медицина Мектебинде биз кафедраларыбыздын ар түрдүүлүгү жана жогорку иш стандарттары менен сыймыктанабыз, ар бири келечектеги адистерди даярдоодо чечүүчү роль ойнойт.
Кыргызча
Юсупова Милика Элемановна
Кафедра башчысы
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин Ысык-Көл кампусунун Фундаменталдык сабактар кафедрасынын максаттары жана милдеттери өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасынын муктаждыктарына жана дүйнөлүк стандарттарга жооп берген жогорку квалификациялуу дарыгерлерди даярдоого багытталган. Негизги басым сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү, оорулардын алдын алуу, ошондой эле студенттердин кесиптик жана жеке компетенцияларын өнүктүрүүгө көңүл бурат.

Биз билим берүү процессин илимий изилдөөлөр менен интеграциялоого умтулабыз, бүтүрүүчүлөрдү фундаменталдык билимдер жана практикалык көндүмдөр менен камсыздап, алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө, мындан аркы окуусуна жана карьералык мобилдүүлүгүнө шарт түзөбүз.

Кафедранын негизги милдеттерине студенттерди дарылоону алдын алуу жардам көрсөтүүнүн базалык жана тереңдетилген көндүмдөрүнө үйрөтүү, ооруларды аныктоо жана алдын алуу иштерин жүргүзүү, ошондой эле чектеш дисциплиналар боюнча терең билимдерди өнүктүрүү кирет.

Өзгөчө көңүл уюштуруучулук-башкаруучулук көндүмдөрдү калыптандырууга, медициналык мекемелерде натыйжалуу иштей алган, медициналык документтерди туура жүргүзгөн жана көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапатын баалай алган адистерди даярдоого бурулат. Кафедра ошондой эле өз кызматкерлерине методикалык колдоо көрсөтүп, окуу курстарын жана окутуу усулдарын жакшыртууга активдүү катышат.

Окутуучулар курамы фундаменталдык жана тереңдетилген дисциплинардык изилдөөлөрдү жүргүзүп, ар түрдүү илимий багыттарда активдүү кызматташат, учурдагы дүйнөнүн актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүгө салым кошот жана илимий-билим берүү ишмердүүлүгүндө инновацияга умтулат. Студенттерибиз кеңири тармактагы дисциплиналар боюнча билим алышып, алардын ар тараптуу кесиптик өнүгүүсүнө шарт түзүлөт.

Жамаатыбыздын атынан биздин кафедрабызга кош келиниз!

    +996703 642 786

    fdik@ism.edu.kg

    Жуман Акималиева көчөсү, 1а/9